100 жылдык тарыхы бар Кыргызстандын билим берүү системасы бүгүнкү күндө жаңыланып, биринчи жолу 12 жылдык жалпы орто билим берүүгө өтүүдө. Бул кадам – сапаттуу билим берүүнү камсыздоого, эл аралык талаптарга жооп берген кадрларды даярдоого жана адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган. Ушул маанилүү этапта, билим берүү системасынын кызматкерлеринин жыл сайын өтүүчү август кеңешмесинин алкагында 2025-жылдын 18-19-август күндөрү Ош мамлекеттик университетинде “Алтын казык – доор өзгөрткөн билим” аттуу педагогикалык форум өткөрүлүп, иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Камчыбек уулу Мырзабек катышып келди.

Форумдун негизги максаты – билим берүүдөгү системалуу реформалардын негизги багыттарын талдап, алардын коомдун сапаттуу өзгөрүшүнүн жана туруктуу өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири экендигин тастыктоо; илимий коомчулуктун ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү, илимий байланыштарды чыңдоо жана билим берүү мейкиндигинде жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылтуу болду.

Кыргызстандын билим берүү системасынын көрүнүктүү ишмерлери, окумуштуулары, мугалимдер, журналисттер жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышкан жыйындын жүрүшүндө ар кыл темаларды камтыган панелдик талкуулар, тегерек үстөлдөр өткөрүлүп, илимий баяндамалар окулду. Бул иш чаралар, о.э. ар кыл көргөзмөлөр, китеп жана басылмалар жарманкелери жана маданий программалар катышуучулар үчүн өз ара тажрыйба алмашууга жана келечектеги кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаратып, башка жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен маанилүү байланыштар түзүлдү.

Айрыкча, психология илими жана практик психологдордун ролу тууралуу форумдун жүрүшүндө айтылган ойлор, о.э. илим алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү абдан пайдалуу болду. Бул форум – ар кайсы тармактагы адистердин башын кошкон маанилүү аянтча катары өзүнүн өзгөчө ролун дагы бир жолу тастыктады.

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар билим берүү системасындагы багыттарды мындан ары да өнүктүрүү жана орток долбоорлорду колдоо боюнча бир катар сунуштарды жана резолюцияларды кабыл алды.

Добавить комментарий