2025-жылдын 7-август күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, колледждерге жана факультет/институттардын орто кесиптик бөлүмдөрүнө (ОКБ) абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев алып барган жыйынга илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов жана колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Ал эми аймактардагы ОКБ жетекчилери онлайн түз эфирде кошулду.

Жыйында Догдурбек Чонтоев кабыл алуу кампаниясы жалпысынан канааттандыраарлык өтүп жатканын белгилеп, кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүн белгиленген планды аткаруу боюнча бардык аракеттерди жумшоого чакырды.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов кабыл алуунун жүрүшү боюнча жалпы маалымат берип, биринчи жана экинчи турдун жыйынтыгы менен КУУнун колледждери менен орто кесиптик бөлүмдөрүнө 2079 абитуриент кабыл алынганын билдирди. Ал эми 3-турда система аркылуу жалпысынан 404 абитуриент катталган (анын ичинен кесиптик колледжге 156, педагогикалык колледжге 41, эл аралык колледжге 91, аймактардагы ОКБларга 116).

Андан ары ал “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу университеттин колледждери менен орто кесиптик бөлүмдөрүндөгү адистиктерге катталган абитуриенттердин, ал адистиктер боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир адистик боюнча чечимдер кабыл алынды

3-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 8-9 жана 11-15-август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында эрте мененки 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин жүргүзүлөт.

Добавить комментарий