2025-жылдын 21-июль күнү эрте менен саат 9:00дө 6-окуу имаратында жайгашкан кабыл алуу комиссиясында абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру башталды. Абитуриенттер имараттын фойесинде орнотулган стенддерден КУУнун түзүмдөрү тууралуу маалымат алып, андан кийин өздөрү тандаган факультеттин техкатчыларына тактоочу суроолорду берип, толук маалымат алышкан соң, Билим берүү жана илим министрлигинин https://2020.edu.gov.kg сайтына онлайн режимде катталып жатышты.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында, быйылкы окуу жылына контрактык бөлүмгө 9700 абитуриент кабыл алуу пландаштырылган. Биринчи турдун жыйынтыгында онлайн портал аркылуу контрактык бөлүмгө 3466 абитуриент катталды. Алардын ичинен гранттык комиссиянын чечими менен 3200 абитуриент кабыл алууга сунушталды. Жыйынтыгында, 2212 абитуриент КУУда окуу үчүн каалоолорун билдирип, 1294 абитуриент документтерин тапшырды жана контракттын 50 пайызын төлөштү.
Ал эми мамлекеттик грантка 554 орун, ваучердикке 395 орун каралган. Биринчи турда 1499 абитуриент катталды. Гранттык комиссия 537 абитуриентти окууга сунуштады. Алардын ичинен 377 абитуриент окууга өз каалоолорун билдирди. Жыйынтыгында 295 абитуриент документ тапшырышты.
Изат Усенов о.э. басма сөз кызматынын “Быйыл кайсы багыттарга абитуриенттер көп тапшырып жатат?” деген суроосуна “Быйыл көпчүлүк абитуриенттер юриспрунденция, лингвистика (англис тили), лингвистика (кытай тили), котормо жана котормо таануу (кытай тили), мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу, эл аралык мамилелер, соттук экспертиза, туризм, программалык инженерия багыттарын тандап жатышат”, – деп жооп берди.
Эскрте кетсек, 2-турга каттоо 23-июль күнү саат 14:00гө чейин уланат.




