Эл аралык кызматташуу жана байланыштар боюнча департаменти Түркиядагы Президенттик Аппараттын Чет өлкөдөгү түрк туугандар менен байланыш башкармалыгы (YTB) тарабынан ишке ашырылып жаткан “KatipAta 2025” — Түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттик кызматкерлер жана академиктер үчүн Түрк тили программасына катышууга арыздарды кабыл алуу башталганын маалымдайт.
Бул программа Түркия менен түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан) ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жана төмөнкү иш-чараларды камтыйт:
- түрк тилин үйрөтүү курстары;
- алдыңкы профессорлордун катышуусундагы семинарлар;
- Түркиянын ар кайсы аймактарына маданий сапарлар;
- мамлекеттик, академиялык жана медиа уюмдар менен тажрыйба алмашуу жана стажировкалар.
Кимдер катыша алат:
1. Мамлекеттик кызматкерлер:
- тийиштүү мекемеде кеминде 3 жыл иш тажрыйбасы бар;
- магистр же доктор (PhD) даражасы болгон талапкерлер артыкчылыкка ээ.
2. Илимпоздор жана изилдөөчүлөр:
- университеттерде же илимий изилдөө борборлорунда иштеген;
- PhD даражасына ээ же учурда PhD программасында окуп жаткандар;
- Түркия менен байланыштуу социалдык илимдер жаатында иш алып баргандар артыкчылыкка ээ.
Талаптар:
- англис тилин негизги деңгээлде билүү сунушталат;
- түрк тилинин баштапкы деңгээлин билүү артыкчылык болот;
- Түркиянын жараны болбоо;
- Түркиянын аймагында жашабоо;
- жаш курагы 40 жашка чейин;
- мурун «Türkiye Scholarships» программасы боюнча стипендия албаган болуу.
Арыз тапшыруу мөөнөтү:
2025-жылдын 1-июнунан 15-июлуна чейин
Арыз тапшыруу дареги:
https://tbbs.turkiyeburslari.gov.tr
Программа тууралуу толук маалымат: https://katipata.ytb.gov.tr
Katip Ata 2025
