Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата КУУнун Аксакалдар кеңеши тарабынан уюштурулган «Из калтыр» аттуу жолугушуу 2025-жылдын 20-майында өткөрүлдү. Иш-чаранын ардактуу мейманы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты, мурдагы Коргоо министри, генерал Исмаил Исаков чакырылды.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштарга өрнөктүү инсандар аркылуу мекенчилдик духту күчөтүп, тарбиялык мааниси бар таасир берүү.
Алгач Аксакалдар кеңешинин төрагасы, профессор Садык Алахан меймандын өмүр жолу менен катышуучуларды тааныштырды. Андан соң генерал Исмаил Исаков өзүнүн аскердик жолун, кесиптик кыйынчылыктарын жана жетишкендиктерин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн калыптанышындагы ордун жана Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу иштерине кошкон салымын баяндап берди.
“Беш жашымдан тарта аскер болууну самап келгем. Ташкенге окууга аттанып жатканда генерал-майор Султаналы Самсалиев мага батасын берип узатканын унутпайм”, — деп бөлүштү Исмаил Исаков.
Ал ошондой эле аскердик тарых жана доктрина боюнча чет элдик басылмаларды кыргыз тилине которуу иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө которгон 20 даана китепти университеттин китепканасына белекке тапшырды.


