2025-жылдын 17-май күнү окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев Ысык-Ата районунун Красная речка айылында жайгашкан “Красная речка” орто мектебине барып, эмгек жамааты менен окуучуларды аталган мектептин 100 жылдык мааракеси менен ректордун атынан куттуктап, бир ноутбук белек кылды жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Жыйынга Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, “Красная речка” айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү депутаттар менен тургундар, о.э. мектептин бүтүрүүчүлөрү катышты.
Белгилей кетсек, аталган мектеп Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 2-ноябрындагы буйругу менен Улуттук университетке кураторлукка берилген. Улуттук университет тарабынан мектепке буга чейин да көптөгөн жардамдар берилген. Мисалы, мектептин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинар-тренингдер өткөрүлүп, сертификаттар тапшырылган; Ысык-Ата районунун мектеп окуучулары арасында “КУУнун ректорунун кубогуна” волейбол боюнча мелдеш өткөрүлгөн; мектептин жанындагы алма багынын айланасы тосулуп, жаңы суу насосу орнотулган жана “Улуттук университеттиин алма багы” деген табличка илинген. Мындан сырткары, мектептин окуучулары Улуттук университетке келип, жалпы республикалык тестирлөөгө, олимпиадаларга даярдоо боюнча курстан өтүп турушат.
Кошумча маалымат
Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 2-ноябрындагы буйругу менен Улуттук университетке аталган мектептен тышкары төмөндөгү 6 билим берүү мекемеси кураторлукка берилген:
- Чолпон-Ата шаарындагы И.Абдуразаков мектеп-лицейи;
- Кочкор районунун Ак-Жар аыылындагы Б.Иманалиев атындагы орто мектеп;
- Кара-Балта шаарындагы №10-Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназия;
- Бишкек шаарындагы №8-орто мектеп;
- Токтогул районунун Торкент айылындагы №19-Ашыралиев Токтоналы атындагы орто мектеп;
- Кочкор paйонундагы Кара-Суу орто мектеби.