2025-жылдын 14-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Улуттук коопсуздуктан глобалдык коопсуздукка: 2025-жылы Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгынын артыкчылыктары, Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүшүнө чакырыктар, коркунучтар жана тобокелчиликтердин көп факторлуу талдоосу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн илимий коомчулугунун, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, өз ара кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана региондогу коопсуздук маселелерин талкуулашты.
Конференцияны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып жатып, төмөнкүлөргө токтолду:
Кыргыз улуттук университети коопсуздук маселелерине, айрыкча киберкоопсуздуктун актуалдуулугуна өзгөчө көңүл бурат. Илимий коомчулук бүгүнкү дүйнөдө коопсуздуктун туруктуу саясатын түзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Биз азыркы доордун чакырыктарына каршы турууда биргелешип натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга тийишпиз.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов өз баяндамасында бул илимий-практикалык конференциянын маанисин белгилеп, мындай деди:
Региондогу туруктуулук — эң маанилүү фактор. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын делимитациясы — эгемендүүлүк мезгилиндеги чоң жетишкендик. Биз туруктуулукту биргелешип гана камсыз кыла алабыз.
Конференциянын секциялык бөлүгүндө Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелери талкууланды. Ачык пикир алышуу сессиясы катышуучуларга сунуштарын билдирүүгө жана ойлорун бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Эл аралык илимий-практикалык конференциянын иши эртең, 15-майда улантылат.