2025-жылдын 13-майында чет тилдер институтунда атайын курсту ийгиликтүү аяктаган окутуучуларга сертификаттар тапшырылды.
«КР жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 02.07.2024-жылдын №980/1-буйругунун ишке ашыруу максатында 2024-2025-окуу жылынын 2-жарым жылдыгына бюджеттик эмес бөлүмдөн «Кесиптик англис тилин үйрөтүү» курсун өткөрүү боюнча окуу жүгү бекитилди.
«Кесиптик англис тили» курсу 64 сааттык окуу программасы боюнча өткөрүлүп, тил деңгээлин жогорулатуу жана кесиптик көндүмдөрдү өркүндөтүү максатын көздөгөн. Аталган курстан ийгиликтүү өткөндүгү үчүн окутуучуларга сертификаттар ыйгарылды.
Сертификаттарды тапшыруу аземинде университеттин окуу бөлүмүнүн башчысы Кыдыралиев Алмаз Тойматович, чет тилдер институтунун директору Уметов Кенжебай Каратаевич, лингвистика кафедрасынын ага окутуучулары Акунова Гулнара Такеевна жана Нарынбек кызы Мээрим катышты.
Бул демилге окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, сапаттуу билим берүүгө багытталган кадамдардын бири болуп саналат.
(С) Айжан Тыныбаева – директордун тарбия иштер боюнча орун басары.








