2025-жылдын 30-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына жана Улуу жеңиштин 80 жылдыгына карата институттар, факультеттер жана колледждердин студенттери арасында жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти менен Евразия-Кыргызстан фонду биргеликте өткөргөн “Жеңиш кубогу-2025” аттуу волейбол жана кичи футбол боюнча ынтымак оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш чаранын негизги максаты – студенттердин ынтымагын бекемдөө болду.
Сыйлоо аземине илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, Бишкек шаарындагы “Георгий лентасы” акциясынын жетекчиси, ”Евразия ыктыярчылары” кыймылынын борбордук штабынын жетекчиси Владимир Громов, Евразия-Кыргызстан фондунун өкүлү Елизавета Маврина, о.э. окутуучулар менен студенттер катышышты.
Проректор Мырзабек Камчыбек уулу сыйлоо аземин ачык деп жарыялап, сөздү конокторго узатты. Мелдештин катышуучуларына куттук сөздөр айтылып, Улуттук университет менен Евразия-Кыргызстан фондунун иштерине ийгилик каалоо менен, жеңишке жетишкен командаларга сыйлыктар тапшырылды.
Кыздар арасында волейбол боюнча III орунду камсыз кылгандыгы үчүн юридикалык институттун командасы, II орунду камсыз кылгандыгы үчүн кыргыз-европа факультетинин, I орунду камсыз кылгандыгы үчүн компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институнун командасы сыйланды.
Балдар арасында волейбол оюнунда III орунду камсыз кылгандыгы үчүн экономиканын жогорку мектебинин командасы, II орунду камсыз кылгандыгы үчүн кыргыз-европа факультетинин командасы, I орунду камсыз кылгандыгы үчүн юридикалык колледждин командасы сыйланды.
Футбол боюнча өткөн таймашта III орунду камсыз кылгандыгы үчүн кесиптик колледж, II орунду камсыз кылгандыгы үчүн юридикалык колледж, I орунду камсыз кылгандыгы үчүн экономиканын жогорку мектеби сыйланды.
Жеңүүчүлөргө кубоктор, медалдар, диплом, о.э. белектер тапшырылды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.
(С) Турсуналиев Санжар – дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы









