КУУнун журналистика жана коммуникация институтунда республикалык деңгээлдеги “Мен репортер” сынагынын жыйынтыктары чыгарылды. Сынак Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз Улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналды.

Сыйлык тапшыруу аземин КУУнун окуу иштери боюнча биринчи проректору А.Шамшиев ачып, иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Проректор өз сөзүндө Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын жана Кыргыз Улуттук университетинин 100 жылдык мааракесин даңазалоодо бул сынактын орду чоң экенин айтты.

Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюк катышуучуларга кайрылып, “Мен репортер” сынагы — жаш журналисттер, репортёрлор үчүн өз талантын көрсөтүүнүн эң сонун аянтчасы, репортёр — бул жөн гана кесип эмес, бул коомго кызмат кылуунун өзгөчө жолу экендигин баса белгиледи. “Бүгүн силер көрсөткөн эмгектер — силердин келечектеги кесиптик жолуңардагы маанилүү кадамдар. Журналистика тармагында ийгиликке жетүү үчүн чыдамкайлык, тынымсыз өнүгүү жана принципиалдуулук керек. Бул сынак аркылуу алган тажрыйбаңар келечектеги ишиңерге өбөлгө түзөт деп ишенем” – деди Ш.Костюк.

 Аземге Кыргызстандын белгилүү кино режиссеру, эл аралык фестивалдардын лауреаты Ибадулла Ажибаев дагы катышып, студенттерге баалуу кеңештерин берди. “Кымбаттуу студенттер, мен силердин эмгектериңерге таасирлендим. Журналистика менен кино өнөрү — бул чындыкты издөөнүн эки башка, бирок тектеш жолдору. Экөөндө тең чыныгы окуяларды көрсөтүп, коомго маанилүү маселелерди көтөрүү аркылуу адамдардын аң-сезимине таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар. Силерге эң негизги кеңешим — ар дайым чындыкты айтууга умтулгула, адамдын тагдырын чагылдырууда этияттык менен иштегиле жана эч качан чыгармачылык изденүүдөн токтобогула!”

2017-жылдан бери өткөрүлүп келген “Мен репортер” сынагы быйыл жаштардын фронттогу жоокерлердин бийик патриоттук духун, тыл эмгекчилеринин бекем эркин эскерүү жана КУУнун Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн флагманы экендигин даңазалоого арналган. Ошондой эле сынак акыркы  эки жылдан бери республикалык масштабда уюштурулуп, ага КР эл артисти, профессор Молдосейит Мамбетакуновдун өнөрканасынын эмгеги чоң.

Быйылкы сынакта студенттер документалдуу фильм, очерк, атайын репортаж, социалдык жана жарнамалык роликтер сыяктуу ар кандай жанрларда өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. Сынактын алкагында 50гө жакын студент 34 эмгек менен катышты.

  • Сынактын жыйынтыгында Шамшиева Айдина баш байгеге татыктуу болду.
  • Көркөм тасма номинациясында Арзыматова Айпери биринчи, Каразакова Айзирек экинчи, Жолдошбекова Медина үчүнчү орунду ээледи.
  • Репортаж жанрында Бурканбеков Толубай биринчи, Бейшенова Сезим экинчи, Сыдыкова Хафиза үчүнчү орундарды алышты.
  • Очерк номинациясында Баисбекова Хадижа жеңүүчү аталып, Кенжетаева Бегимай экинчи, ал эми Бейшенова Сезим үчүнчү орунга жетишти.
  • Документалдык тасма катергориясында Советбекова Жибек биринчи, Алмазбекова Сабина экинчи, Амантаева Каныкей үчүнчү орундарды ээлешти.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө атайын статуэтка, диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды. 

Журналистика жана коммуникация институтунун жалпы жамааты “Мен репортёр” сынагынын демөөрчүлөрү КР Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Жумабековго, КР Жогорку Кеңешинин депутаты М.М.Мураталиевге, КР Спорт журналисттеринин федерациясынын президенти У.А.Салымбековго, Эл аралык  “Көк бөрү” федерациясынын башкы катчысы К. У. Аскарбековго, Продюсер, медиа-эксперт, журналист А. Субанбековго, “Кыргыз жаш-күч” коомдук бирикмесинин жетекчиси Э. Орозбаевге, “Сокол медианын” жетекчиси Мамбет уулу Кылычбекке терең ыраазычылык билдирет.

(С) Перизат Джаныбекова – адис, Жаркын Муратбекова – окутуучу

Добавить комментарий