2025-жылдын 25-апрелинде факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган “Мамлекеттик тилди жана тил дициплиналарын көп тилдүү шарттарда изилдөө, окутуу” аттуу ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Конференцияны факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, ф.и.к., профессор Осмоналиева Г.К. куттуктоо сөзү менен ачты.
Иш-чаранын максатын жана Жусуп Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдык мааракесине арналып, ректорат тарабынан колдоого алынып, илимий макалалар университет тарабынан КУУнун Жарчысына атайын жыйнак катары акысыз басылып чыгаарын белгилеп кетти.
Аталган илимий-практикалык конференция ф.а.м.т.кафедрасы тарабынан жыл сайын салттуу түрдө 31-май Жусуп Баласагын атындагы КУУнун күнүнө карата өткөрүлүп келет.
Негизги өнөктөштөр :
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия
- КР. ББИМ, КР. Кыргызтест мамлекеттик мекемеси
- КР Билим берүү академиясы
- КР. РПККЖ КДИ
- КР.ЖОЖдордун проректорлору, кафедра башчылары жана тилчи адистер
- КУУнун факультеттер аралык орус тили, чет тили кафедраларынын профессор-окутуучулар катышат.
Конференциянын негизги максаты:
- Көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролун өркүндөтүү жана тил саясатында башка тилдердин ордун аныктоо.
- Кыргыз Республикасындагы тилчи окумуштууларды, окутуучуларды бириктирип мамлекеттик тил, көп тилдүү жана кош тилдүү багытта маселелерди көтөрүп талкууло, ойлор, тажрыйбалар менен бөлүшүү.
- Кыргыз Республикасында ЖОЖдор аралык көп тилдүү чөйрөнү колдоо жана Жусуп Баласагын атындагы КУУда факультеттер аралык мамлекеттик тил, орус тил, чет тил кафедраларынын ишмердүүлүгүн бир багытта жүргүзүү
Конференциянын жүрүшүндө: КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К.Мураталиев жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы А.Ж.Мамытов, п.и.д, профессор А.С.Мукамбетова мамлекеттик тилдин тарыхы, бүгүнкүсү, келечеги тууралуу кенен сөз кылышты.
Пленардык бөлүмдө мазмундуу жана кызыктуу баяндамаларды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин астындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун көп тилдүү билим берүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Г.Э.Артыкбаева жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун окумуштуулары: Кыргыз Республикасынын УИА мүчө кореспонденти, п.и.д, профессор Н.А. Ишекеев, ф.и.д, профессор Г.Т. Жаманкулова, жана ф.а.м.т кафедрасынын доценти А.Э.Мокеева тарабынан жасалды.
Андан соң мамлекеттик тил, көп тилдүүлүк маселелери боюнча секциялык иштер өткөрүлдү.
Жалпысынан 50-гө жакын макалалар тапшырылды, анын ичинде жакынкы чет өлкөдөн Казахстан, Узбекистан, Татарстандан жана Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарындан келген окумуштуу, окутуучулар секциялык иштерге презентация, доклад, мастер класс – сабактарын тартуулады. Конференциянын жыйынтыгында сертификаттар, ыраазычылык каттар тапшырылды.
(С) Осмоналиева Г.К. – факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, ф.и.к., профессор

















