Бүгүн, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы “Билим Бишкек” инновациялык борборунун иши менен таанышып, жаш жеткинчектер менен баарлашты. Жолугушууда балдар министр айымдын суроолоруна жооп берип, борборго кызыгуу менен келип жатканын билдиришти.
Жолугушууда КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев окуучуларга “заманбап технологиялар менен жабдылып, стандарттарга туура келген борбордо жакшы окуп, татыктуу билим алып, технологияларды мыкты өздөштүрүүгө” чакырды.
«Билим Бишкек» инновациялык борборунун мүдүрү Санжар Алтымышевдин айтымында, Бишкек шаарындагы №75-жалпы билим берүү орто мектептеринин окуучулары на “Эксперименталдык жана практикалык технологиялар” лабораториясында, “Дизайн”, “Астрономия, авиация жана космонавтика”, “Табигый илимдер” жана “Математика” студияларында ийримдер уюштурулуп жатканын айтты.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Борбор Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тиешелүү Манас 140 дарегинде жайгашкан Ботаникалык бактын ичиндеги имаратта орун алган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети мугалимдерди дайындап, имараттын айлык чыгымдарын камсыздап келет. «Билим Бишкек» инновациялык борбору 2025-жылдын 14-январь күнүнөн тарта окуучуларды кабыл ала баштады. Азыркы учурга чейин №8 жана №75-жалпы билим берүү орто мектептеринин окуучулары, ошондой эле «Элистан» балдар үйү жана «Аманат» мектеп-интернаттын тарбиялануучулары экскурсиялык кыска мөөнөттүү таанышуу курстарынан өтүштү. Таанышуу курстарына жалпысынан 1000ге жакын окуучу катышып, алардын ичинен 100 окуучуга 2 айлык курстар уюштурулган. Айрыкча жазгы каникул учурунда 1 жумалык курс уюштурулуп, жалпы 40 окуучу катышты. Борбор 6-14 жаш аралыгындагы окуучуларга акысыз кызмат көрсөтөт. Каалоочулар үчүн «Билим Бишкек» инновациялык борборунун эшиги ачык.