2025-жылдын 25-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) 100 жылдык мааракесинин алкагында башкы имараттын чыгыш тарабында заманбап студенттик сейил багынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Сейил бакты Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева салтанаттуу түрдө ачты.

Министр студенттерге түзүлүп жаткан ыңгайлуу шарттар алардын билимге болгон умтулуусун арттырып, жакшы окууга шыктандыра турганын баса белгилеп, окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Сейил бакта заманбап жарыктандыруу орнотулуп, аймак толугу менен көрктөндүрүлүп, ыңгайлуу отургучтар орнотулган. Бул демилге студенттер үчүн эс алуу жана пикир алмашуу үчүн жагымдуу мейкиндик жаратууга багытталган.

КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев бул долбоордун ишке ашышында окуу жайдын чарба бөлүмүнүн ар бир кызматкеринин салымы чоң экенин белгилеп, алардын ыкчам жана сапаттуу ишине ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын соңунда окуу жайдын улуу муундагы окутуучулары жана чакырылган коноктор дагы сөз сүйлөп, университеттеги мындай жаңылыктарга кубанып жатканын айтышты.

Добавить комментарий