2025-жылдын 25-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) «50 жыл илим-билимге арналган өрнөктүү өмүр» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара КУУнун 100 жылдык мааракесине белгилөөнүн алкагында уюштурулду.
Жыйынды ректор, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, “Бүгүнкү конференциянын максаты билим берүү чөйрөсүндө жарым кылымдан ашуун убакыт бою үзүрлүү ишмердик жүргүзүп, чет тилдер жаатындагы илимди өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү педагогдор жана илимпоздор — профессор Мария Султановна Акчекеева, доцент Равшан Малаевна Шаршенова жана профессор Памира Кадырбековна Кадырбекованын илимде жана педагогикадагы илимий иштерин таанытуу”- экенин белгиледи.
Ректор Чонтоев өз сөзүндө бул улуу инсандар КУУнун чет тилдер институтунда жарым кылымга жакын убакыт бою үзүрлүү эмгектенип, маданияттар аралык диалогду жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүүдө чоң салым кошушканын айтты. Ал ошондой эле Мария Султановна Акчекеева — кыргыз-француз тил илиминин негиздөөчүсү, Равшан Малаевна Шаршенова — англис тил илимин өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган окумуштуу, ал эми Памира Кадырбековна Кадырбекова — немис тили жана лингвомаданият таануу жаатында эл аралык деңгээлде таанылган илимпоз экенин баса белгиледи.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө бул инсандардын илим-билимге болгон чексиз берилгендигине, жаштарды тарбиялоодогу кызматын жана үлгүлүү өмүр жолун терең урматтоо менен сыймыктанарын билдирди. Министр ошондой эле окумуштуу айымдардын шакирттерине кайрылып, немец жана француз тилдеринде окуу китебин иштеп чыгууга чакырык таштады.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мария Султановна Акчекеева, Равшан Малаевна Шаршенова жана Памира Кадырбековна Кадырбекова — Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты. Илимий конференцияда Тынчтык корпусунун, Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү келип, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.