2025-жылдын 23-апрелинде экономиканын жогорку мектеби, жаштар саясаты жана спорт департаменти жана ИИМге караштуу баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) биргеликте уюштурган иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын максаты – студенттерге баңгизаттарга байланыштуу тобокелчиликтер тууралуу маалымат берүү, укуктук маданиятты калыптандыруу жана жеке, коомдук коопсуздук маселелерине жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрүү болду.

Иш-чарага төмөнкү коноктор катышып, өз ойлору менен бөлүшүштү:

  • Сагымбаева Тинатин Азаматовна – Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жашы жете элек балдарга медико-психологиялык жардам берүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Исматова Умида Алимжановна – милициянын подполковниги, ИИМдин БМЖКККнын өзгөчө маанидеги иштер боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери.

БМЖКККнын кызматкерлери шарттуу мыйзам бузгандарды кармоо боюнча көрсөтмө иш-аракеттерди өткөрүп, баңгизат коркунучуна каршы күрөшүүдө колдонулуучу заманбап техникалык каражаттарды көрсөтүштү жана өз иш тажрыйбаларынан реалдуу окуяларды айтып беришти.

Студенттер бул иш-чарага чоң кызыгуу менен катышып, активдүү талкууларга аралашып, суроолорду беришти.

Экономиканын жогорку мектеби, жаштар саясаты жана спорт департаменти мындай жолугушуулар жаштарды тарбиялоодо абдан маанилүү элемент деп эсептейт.  Алар аң-сезимдүү, жоопкерчиликтүү жаш муунду тарбиялоого жардам берет.

Иш-чаранын өзгөчө активдүү катышуучулары БМЖККК кызматкерлери тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты, бул болсо мазмундуу жана пайдалуу жолугушуунун жагымдуу жыйынтыгы болду.

(С) Назира Сулайманова – экономиканын жогорку мектебинин башкы адиси

Добавить комментарий