Казакстандын Астана шаарындагы Нурсултан Назарбаев атындагы университетинде эмгектенген кыргыздын чыгаан окумуштуусу Дуйшөн Шаматов журналистика жана коммуникация институтунун PhD докторанттары менен баалуу тажрыйбасын бөлүштү. Өмүрүн илимге арнаган инсан, мекендештерин жылуу тосуп алып, окуу жайдын билим берүү чөйрөсүндөгү өзгөчө шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалымат берди.
Жолугушууда PhD докторанттарга өзгөчө көңүл бурулуп, эл аралык деңгээлде изилдөө жүргүзүү ыкмалары жана илимий макалаларды жарыялоо тажрыйбалары талкууланды. Дуйшөн Шаматов дүйнөлүк стандарттагы билим берүү системасынын артыкчылыктарын белгилеп, Н.Назарбаев университетинин эшиги ар бир студент үчүн ачык жана жеткиликтүү экендигин баса белгиледи.
Окумуштуунун айтымында бул жерде дүйнөнүн төрт бурчунан келген, көптөгөн сыноолордон өткөн атактуу илимпоздор лекция окушат. Өзгөчө кубанычтуусу, дүйнөдө эң мыкты деп таанылган 100 илимий эмгек казак тилине которулуп, жаштарга эне тилинде терең билим алууга жол ачылган. .
Жолугушуунун жыйынтыгында, докторанттар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө эл аралык тажрыйбаларды колдонуу маанилүүлүгүн баса белгилешти. Алар Дуйшөн Шаматовдун айткандарын төмөнкү саптарда белгилешкен: “Жакшы билим алалы, дүйнө өсүүдө дүркүрөп, элден артта калбайлы!”
(С) А.Түмөнбаев – ага окутуучу




