2025-жылдын 10-апрель күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргызстандын жогорку окуу жайлары арасында өткөрүлгөн Универсиадада 2-орунду ээлеген Улуттук университеттин бокс боюнча курама командасы менен жолугушту.

Ректор команда мүчөлөрүн КУУнун администрациясынын жана жеке өзүнүн атынан байгелүү орунду ээлеши менен куттуктап, мындан аркы окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө о.э. аталган спорттун түрүн Улуттук университетте өнүктүрүү боюнча пикир алышуу болду.

Иш-чарага факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов менен аталган кафедранын ага окутуучусу, бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу, курама команданын тренери Кубанычбек Боронбаев катышты.

Бокс боюнча КУУнун курама командасынын мүчөлөрү:

  1. Жолборсов Амантур – юридикалык институттун 2-курс студенти (1-орун)
  2. Качкынбеков Адилет – юридикалык институттун 2-курс студенти (1-орун)
  3. Элчоро уулу Ооматбек – юридикалык институттун 2-курс студенти (1-орун)
  4. Туйчиев Эмилбек – педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 2-курс студенти (2-орун)
  5. Бактыгул уулу Рустам – педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 1-курс студенти (2-орун)
  6. Мирбеков Бакыт – юридикалык институттун 4-курс студенти (3-орун)
  7. Рустамкул уулу Ырыскелди – юридикалык институттун 3-курс студенти (3-орун)
  8. Кулбаков Ариет – физика жана электроника факультетинин 1-курс магистранты (3-орун).

Добавить комментарий