2025-жылдын 8-апрель күнү 8-окуу имаратынын чыгыш канатынын биринчи кабатында кыргыз-япон институтунун “Тамак-аш даярдоо технологиялары” лабораториясынын ачылыш аземи болду. “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы жана аны уюштуруу” багытынын студенттеринин сапаттуу билим алуусу үчүн ачылып жаткан бөлмөнүн алдына тартылган кызыл лентаны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев кесишкен соң, иш-чаранын катышуучулары анын ичи менен таанышып чыгышты.
Кыргыз-япон институтунун жамаатын ачылып жаткан лаборатория менен КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев куттуктап, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы көпүрө катары 2024-жылы ачылган кыргыз-япон институтунун негизги максаты – япон тилин жогорку деңгээлде өздөштүргөн, эл аралык компетенцияларга ээ болгон адистерди даярдоо экендигин белгилеп, бул максатты ишке ашыруу үчүн институттун алдында бүгүн “Тамак-аш даярдоо технологиялары” лабораториясы Улуттук университеттин 100 жылдыгын утурлай расмий ачылып жатканын жана келечекте бул лаборатория институттагы “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы жана аны уюштуруу” багытында окуган студенттердин практикалык көндүмдөрү менен кесиптик даярдыктарын жогорулатууда маанилүү роль ойнооруна ишенээрин билдирди жана институттун жамаатынын иштерине ийгиликтерди каалады. Ректор о.э. дүйнөгө белгилүү, терең философиялык мааниси бар япон кухнясынын тамак-аштарын даярдоону үйрөтүүчү лаборатория жалгыз эле кыргыз-япон институту эмес, жалпы университеттин студенттери менен окутуучуларына да кызмат кылаарына ишенээрин билдирди.
Институттун учурда аткарып жаткан иштери жана алдыга койгон пландары тууралуу кыргыз-япон институтунун директору Такахара Дайсуке менен директордун орун басары Жеңиш Бексултанов маалымат беришти.
Аземдин соңунда институт жетекчилери менен лаборатория кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларын жаңыдан ачылып жаткан лабораторияда даярдалган тамактардан даам татып кетүүгө чакырышты.