2025-жылдын 3-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесинин алкагында 2010-жылдагы 7-апрель Элдик революциясынын 15 жылдыгына карата тарых жана чөлкөм таануу институту, социалдык-гуманитардык илимдер институту, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту тарабынан биргелешип уюштурулган «7-апрель Элдик революциясы: сабактары жана тарыхый мааниси» аттуу кереге кеңеш болуп өттү.

Иш-чаранын расмий бөлүгүн тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев ачып берди. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Баатыры Алиясбек Алымкулов жана “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов сөз сүйлөп, иш-чара мүнөздүү эскерүүлөр жана көркөм тасма менен уланды.

Кеңештин алкагында төмөнкү илимий баяндамалар жасалды:

  • Арзыматова Айнура Атыгаевна – тарых илимдеринин доктору, профессор, тарых жана чөлкөм таануу институтунун “Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасынын башчысы: «Революциялар Кыргызстанда: терминология маселеси тууралуу»;
  • Кубатова Аида Эсенкуловна – тарых илимдеринин кандидаты, УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы: «2010-жылдагы Апрель революциясы: версиялар жана фактылар»;
  • Бабашев Алтынбек Курманбаевич – философия илимдеринин кандидаты, доцент: «Улуттук идеология жана революция феномени»;
  • Тостокова Кенже Абдуаримовна – ага окутуучу: «Педагог жана изилдөөчү Кудайбергенов Ж.Т.».

Иш-чарага уюштуруучу институттардын профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер, изилдөөчүлөр жана ар түрдүү тармактардан келген коноктор катышты.

(С) Айдар Шейшенов – тарых жана чөлкөм таануу институтунун директорунун орун басары

Добавить комментарий