2025-жылдын 3-апрелинде КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев баштаган делегация Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде жана Ош мамлекеттик университетинде болгондон кийин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетине барды.

ОшМПУга болгон иш сапар жагымдуу концерттик программа менен башталып, окуу жайдын жамааты КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевди өзгөчө сый-урмат, ызаат менен тосуп алды.

Андан кийин Догдурбек Чонтоев ОшМПУнун ректору, профессор Бекмурза Зулуевдин коштоосунда университет, анын заманбап аудиториялары, жаңы усулдары жана кызыктуу долбоорлору менен таанышып чыкты. Бекмурза Зулуев КУУнун бүтүрүүчүлөрү ОшМПУнун белдүү профессордук-окутуучулук курамын түзөөрүн белгилеп, канча жогорку окуу жайы болсо да, Улуттук университет ЖОЖдордун башаты, флагман бойдон кала берээрин жана эки окуу жайдын басып өткөн жолу, тарыхы, тагдыры катарлаш жана эриш-аркак аткара турган иштер алдыда экенин баса белгиледи.

Иш сапардын жүрүшүндө Догдурбек Чонтоев менен Бекмурза Зулуев эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Документте илимий коллаборация, чыгармачылык кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүк жаатындагы биргелешкен иш-аракеттер каралган. КУУнун ректору билим берүү системасында трансформация, жаңылануу боюнча ой-пикир алмашууну жакшы иштин башаты катары белгилеп, улуттук, жалпы адамзаттык баалуулуктар менен катарлаш, билимдин алдыңкы ыкмаларын, усулдарын колдонуу менен бирге жаш муунду татыктуу тарбиялай турган педагог мугалимдерди сапаттуу окутууну келечекке болгон инвестиция катары баалады. Эң жагымдуу жагдай катары, дал ушул Ош мамлекеттик педагогикалык университетте артыкчылык багыт катары чоң көңүл бурулуп жатканын айтып өттү. Ошондой эле, КР президенти Садыр Жапаровдун айткан оюн, окуунун профессордук-окутуучулар курамы менен да бөлүшүп, “Алтын Казык” билим берүү программасынын мааниси, келечеги, жыйынтыгы жөнүндө конструктивдүү талкуу болуп, жаратман ой-пикирлер айтылды.

Андан сырткары, КУУнун ректору Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин китепканасына КУУнун 100 жылдык мааракесине карата чыгарылган “Жусуп Баласагын энциклопедиясынын” 5 томдугун белек кылды жана КУУнун 100 жылдык мааракесине ректор баш болгон делегацияга чакыруу катын расмий тапшырды.

(С) Ширин Костюк – журналистика жана коммуникация институтунун директору

Добавить комментарий