2025-жылдын 3-апрелинде КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев баштаган делегация Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетиндеги ЖОЖдор аралык студенттик олимпиаданын ачылыш аземинен кийин Ош мамлекеттик университетине барды.

Догдурбек Чонтоев адегенде ОшМУнун “Келечек муундун хабында” болуп, ал жердеги “Борбор Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо”, “Борбор Азия критикалык минералдар инновациялык” борборлорунун ишмердүүлүгү, илимий изилдөө багытында жасалып жаткан иштери менен таанышты. Ректор о.э. окуу жайдын  маалыматтык-коммуникациялык инфраструктурасын да жеринен көрүп, мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алды.

Андан кийин ал окуу жайдын башкы имаратында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган түзүм жетекчилери менен жолугушту. Догдурбек Чонтоев КУУ тууралуу кыскача маалымат берип, кылым карыткан убакыт ичинде Кыргыз улуттук университети 190 миң бүтүрүүчүнү өлкөнүн бардык тармактарына, билим тармагынын бардык секторуна даярдап берген жалгыз окуу жай экенин белгиледи. Андан ары ал 12 жылдык билим берүү системасы тууралуу сөз кылып, билим берүү системасындагы трансформация, анын орду, мазмуну, маңызы жөнүндө токтолуп, мектеп билим берүүсүн 12 жылдык форматка өткөрүү шартында жогорку мектептин ролу, билим берүүнү 2026-жылга чейин “Алтын Казык” программасынын алкагында трансформациялоонун өзөктүү векторлорун аныктоо, о.э. жогорку кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүнүн келечеги жана өлкөнүн университеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Сөзүнүн соңунда Догдурбек Чонтоев ОшМУнун ректоруна КУУнун 100 жылдыгына арналган мааракеге расмий чакырууну тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө ректор о.э. КУУнун кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунан “Эл аралык укук” темасы боюнча 144 саат көлөмүндө квалификациясын жогорулаткан ОшМУнун 28 профессордук-окутуучулук курамына күбөлүктөрдү тапшырды.

Ректор Догдурбек Чонтоев жылуу кабыл алгандыгы үчүн ОшМУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, КУУнун 100 жылдык мааракесине карата чыгарылган “Жусуп Баласагын энциклопедиясынын” 5 томдугун ОшМУнун китепканасына белек кылды.

Күндүн экинчи бөлүгүндө делегация ОшМУнун “Ак-Буура” кампусунда жайгашкан медициналык клиника, Медицина, Эл аралык медицина факультеттеринде да болушат.

(С) Ширин Костюк – журналистика жана коммуникация институтунун директору

Добавить комментарий