2025-жылдын 26-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде студенттик стартаптардын «Venture Quest» конкурсу аяктады. Конкурс КУУ нун студенттери үчүн инкубациялык программа чегинде уюштурулган. Программа КУУнун  жана, Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) тарабынан колдоого алынган.

«Инвестиция боюнча проректор Гулбара Сыдыкова өз сөзүндө бизнестик стартаптар студенттерибизге өз идеяларын ишке ашыруу жана бизнес-проекттерин өнүктүрүү үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет деп белгиледи. Ал ошондой эле конкурстун катышуучуларына ийгилик каалап, калыстар тобун катышуучулар менен тааныштырды жана конкурсту расмий түрдө ачты.»

 «Анан кийин сөз ар бир калыстар  мүчөсүнө берилди. Алар конкурстун катышуучуларына ийгилик каалап, өздөрүнүн кеңештери жана каалоолору айтып, катышуучуларга өз идеяларын ишке ашуусуна ийгилик каалашты.»

2024-жылдын 11-октябрынан 29-ноябрына чейин “Venture Quest” программасынын алкагында стартаптарды түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча лекциялар өткөрүлдү. Программада катышуучулар ийгиликтүү стартаптарды түзүү жана коммерциализация үчүн бизнес-пландарды түзүүнү үйрөнүштү.

Лекциялар аяктагандан кийин, конкурска катышуу үчүн студенттердин жазган долбоорлору кабыл алынды. КУУнун студенттери жеке же 5 адамга чейин болгон топтор менен катыша алышты. Катышуучу долбоорлор илимий-изилдөө иштерине негизделген жана коммерциялаштыруу потенциалына ээ болгон идеялар сунушталды.

Конкурска катышуу үчүн катышуучулардан төмөнкүлөрдү камтыган толук бизнес-план талап кылынды:

  • Компаниянын аты
  • Корпоративдик философия
  • Позиционирование (X-Y)
  • Баалуулук
  • SWOT-талдоо
  • Стратегия
  • Маркетинг (4P, кардарлар жана бөлүштүрүү каналдары)
  • Жетишүүнүн маанилүү факторлору (ЖМФ)
  • Уюмдук структура
  • Стратегиялык өнөктөштөр
  • Бизнес-модел
  • Прогноздор жана болжолдор
  • Каржылык баа

2025-жылдын 21-22-январында, лекция өткөндөн кийин келген долбоорлор арасынан мыкты стартаптарды тандоо үчүн комиссиянын отуруму болуп өттү. Комиссиянын курамына КУУнун инвестиция боюнча проректору Гулбара Сыдыкова, KRJCнин со-директору Алмазбек Азимов, KRJCнин бизнес бөлүмүнүн директору Шинья Танака жана башка эксперттер катышты.

35 долбоордун ичинен 15 команда тандалып, алардын презентациялары лектор Адхам Убайдулаев менен бирге кайрадан иштелип чыкты. 18-20-февралда акыркы этапка өтүү үчүн 7 команда тандалды.

2025-жылы 26-мартта финалдык презентациялар өткөрүлүп, калыстар тобу  төмөнкү жеңүүчү командаларды аныктады:

  • 1-орун — “Вышивка” командасы (КУУнун атынан 30 000 сом жана KRJCден “Бизнес Старт” боюнча 2 сертификат)
  • 2-орун — “Наследие природы” командасы (КУУнун атынан 25 000 сом жана KRJCден “Бизнес Старт” боюнча 2 сертификат)
  • 3-орун — “Го Саякат” командасы (КУУнун атынан 15 000 сом жана KRJCден “Бизнес Старт” боюнча 2 сертификат)

Мындан тышкары, KRJC эң активдүү жана мыкты катышуучуларга “Бизнес Старт” боюнча акысыз окутуу сертификаттарын сунуштады. Бакай банк өз кезегинде активдүү катышуучуларга атайын сыйлыктар — рюкзактар, блокноттор, кружкалар жана башка белектерди беришти. Ошондой эле, KRJC эң активдүү катышуучуларга өздөрүнүн экологиялык сумкаларын жана бизнес өнүктүрүү боюнча 2 китепти тапшырышты. Бул китептер дүйнөлүк рейтингде мыкты бизнесмендерди камтып, бизнес жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууну көздөгөн баалуу ресурстар болуп саналат. Катышуучулар KRJC тарабынан атайын жасалган ручкалар жана блокноттор менен да сыйланышты.

“Venture Quest” конкурсу КУУнун студенттери үчүн инновациялык идеяларды көрсөтүү жана аларды ишке ашыруу үчүн керектүү билимдерди алууга чоң мүмкүнчүлүк түздү. Бул программа катышуучуларга өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн керектүү ар тараптуу колдоону көрсөтүп, жаш ишкерлердин өнүгүшүнө өбөлгө болууда.

Ошондой эле, биздин негизги демөөрчү Бакай банкка терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Алардын колдоосу жана көмөгү менен, мындай маанилүү жана кыялга жетелеген иш-чара өткөрүлдү.

(С) Махабат Алымбекова – стаптаптар жана  фандрайзинг боюнча башкы адис

Добавить комментарий