2025-жылдын  27-мартында “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү жарлыкты жүзөгө ашыруу алкагында мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналып уюштурулган факультеттер аралык IX студенттик олимпиада болуп өттү.

Иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, олимпиаданын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова катышуучуларга олимпиаданын тапшырмаларын аткаруунун жол-жоболорун түшүндүргөн соң, студенттер жазуу, котормо жана көркөм окуу боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн башкы имараттагы конференц-залга жана смарт-класска тарашты.

Олимпиадага ар бир факультеттен алдын ала тандоо турунан өткөн 3 студент катышты. Алар кыргыз тилинен жат жазуу,  көркөм окуу жана анимациялык фильмдерди орус тилинен кыргыз тилине которушту. Калыстар тобу жогорку окуу жайлардын окутуучу-профессорлук курамынан, Бишкек шаардык билим берүү департаментинин кызматкерлеринен түзүлдү. Олимпиаданын жыйынтыгы төмөндөгүдөй аныкталды.

“Мыкты котормо” номинациясы боюнча:

  • 1-орун: Юридика институтунун 2-курсунун командасы. 1-даражадагы диплом менен сыйланып, шаардык олимпиадага жолдомо алышты.
  • 2-орун: Кыргыз-Япон институтунун командасы. 2-даражадагы диплом менен сыйланды.
  • 2-орун: Тарых жана чөлкөм таануу институтунун командасы. 2-даражадагы диплом менен сыйланды.
  • 3-орун: И.Исамидинов атындагы Педагогика институтунун командасы. 3-даражадагы диплом  менен сыйланды.
  • 3-орун: Химия жана химиялык технологиялар факультетинин командасы. 3-даражадагы диплом  менен сыйланды.

 “Тил билги жана кѳркѳм окуу” номинациясы боюнча:

  • 1-орун: И.Исамидинов атындагы Педагогика институтунун студенти Абылмажинова Мөлмөл. 1- даражадагы диплом менен сыйланып, шаардык олимпиадага жолдомо алды.
  • 2-орун: Математика  жана информатика институтунун студенти Төлөбекова Сезим. 2-даражадагы диплом менен сыйланды.
  • 3-орун: Юридика институтунун 1-курс студенти Курманбекова Аяна. 3-даражадагы диплом менен сыйланды.

Олимпиаданын калыстар тобуна ыраазычылык каты ыйгарылып, студенттердин окуусуна ийгиликтерди каалап, КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору  Н.Ишекеев иш-чараны жыйынтыктады.

Добавить комментарий