2025-жылдын 26-март күнү математика жана информатика институтунда “Коррупциянын жана коррупциялык көрүнүштөрдүн мамлекеттик башкарууга тийгизген терс таасири” деген темада конок лекция өтүлдү.
УИАнын мамлекеттик, муниципалдык башкаруу жана экспертизалар бөлүмүнүн башчысы, саясий илимдердин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев коррупциянын саясий эле эмес, социалдык-экономикалык көрүнүш экендигин чечмелеп берди.
Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар өлкөбүздүн соңку тарыхында коррупциянын калыптанышы, гүлдөп өнүгүшү менен улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган бирден-бир терс факторго айлангандыгы боюнча маалымат алышты.
Чолпонбек Сыдыкбаевдин айтымында, коррупцияга каршы жалаң гана укук коргоо органдары эмес, коомчулук, анын ичинде жаштар, активдүү, аң сезимдүү позицияда болуп, каршы турушу баса белгиленди.
Бул иш-чара мамлекеттик “Уңгу жол” доктринасынын алкагында өткөрүлүп, жаштардын коррупцияга каршы активдүү позицияда болушуна чакырык болду.
(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент


