2025-жылдын 18-мартында юридикалык колледждин студенттери ИИМдин Э.А.Алиев атындагы Академиясына экскурсияга барып келишти.
Аталган экскурсия юрколледждин окутуучулары Усубалиева Н.С., Алымкулова А.О. жана УСТИББнын башчысы Алгочонова Г.З. тарабынан уюштурулуп, академиянын УСТИББнын тескөөчүсү Садиева Асель кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
Студенттер о.э. окуу жайдагы курсанттардын практикалык сабагына катышып, спорт залы жана криминалистикалык музейинде болушту, кызыккан суроолоруна жооп алышты.
Окуу жайлар ортосундагы мындай кызматташуулар студенттердин баар алышуусуна, келечектеги кесибине болгон жоопкерчиликти өнүктүрүүгө, патриоттук сезимдерин өрчүтүүгө багыт берет.
(С) Алымкулова А.О. – окутуучу






