2025-жылдын 20-март күнү Улуттук университеттин жамааты Нооруз майрамын белгиледи. Кесиптик бирлик комитети менен жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти биргеликте уюштурган салтанаттуу иш чаранын башында окуу жайдын жетекчилери №1-окуу имаратынын артындагы тилкеге жаш көчөттөрдү отургузушуп, экологиялык жашылдандыруу акциясын өткөрүштү.

Андан кийин, башкы имараттын алдындагы аянтчада майрамдык концерт башталып, Умай эненин образындагы Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору Калыйкан Мамбетова “Алас, алас! Ар балээден калас! Эски жыл кетти, жаңы жыл келди! Айдан аман, жылдан эсен чыгалы!” деп майрамдык салтанаттын катышуучуларын аластап, арча түтөтүп, иш-чараны ачып берди.

Концерттин жүрүшүндө КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев университеттин жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктап, катышуучулардын баарына аманчылык, токчулук каалоо менен бирге, октябрь айында белгиленүүчү Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесин татыктуу тосуп алууга чакырды.

КУУнун жамаатын жаз майрамы менен о.э. кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков куттуктады.

Майрамдык салтанат ыр, бий, комуз күүлөрү жана спорттук оюндар менен коштолуп, катышуучулардын бүйүрүн кызытып, жарпын жазышты.

Кеченин жүрүшүндө улуттук оюндар боюнча кызуу таймаш болуп, жеңүүчүлөр сыйлыктарга ээ болушту.

2 саатка созулган майрамдык салтанат ооз ачар маалда аяктап, университеттин атынан орозо кармаган конокторго, студенттерге жана жалпы эле көруүчүлөргө сый тамак берилди. Алар даам сызышып, окуу жайдын жамаатына жакшы тилек жана ыраазычылыктарын айтышты.

Добавить комментарий