2025-жылдын 14-мартында  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болуп өткөн Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Кыргыз тили – кыргыз көркөм адабиятынын тили” аттуу илимий практикалык конференцияга Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти, ф.и.к. Орозалиева Жүрсүн Муханбетовна “Коомду тазартуу жана эзелки өзөгүнө кайтаруучу, тең салмактуулукту сактоочу миссия же З.Ажыматовдун публицистикалык ой-толгоолорундагы идеялык-тематикалык ойлордун жекечилиги “Датасы жок күндөр” китебинин мисалында)” аттуу жана доцент, ф.и.к. Осмонова Наргүл Ыманалиевна “Манас” эпосундагы фразеологизмдердин стилистикасы” аттуу докладдарды жасашты.

Ошол эле күнү саат 8:00дө Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын 1-2-3-курсунун студенттерине доцент, ф.и.к. Орозалиева Жүрсүн Муханбетовна “Улуттук идеология: репрессиялар жана кыргыз адабияты”аттуу конок лекция окуп берди.

Лекцияда кыргыз адабиятындагы репрессиялык кырдаалдар, “Манас” эпосунун тегерегиндеги, социалисттик адабияттын алкагындагы улуттук баалуулукка, эл тарыхына жана маданиятына карата саясий-идеологиялык көзөмөлдүн натыйжалары Т.Саманчиндин, Т.Байжиевдин, З.Бектеновдун, А.Токомбаевдин, К.Маликовдун өмүрү, тагдыры аркылуу айтылды, ал документтик материалдар менен аргументтештирилди. Лекция абдан кызыктуу жана жандуу өттү.    

Саат 9:30да доцент, ф.и.к. Осмонова Наргүл Ыманалиевна ЖАМУнун Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын 1-2-3-курсунун студенттерине Кеп техникасы жанабаарлашуу маданияты” аттуу конок лекция окуп, аны чечендик өнөрдүн тарыхы, чечендик өнөрдүн талаптары, кыргыз элинин чечендик өнөрүнүн өкүлдөрү баарлашуу маданияты, учурашуу, таанышуу, коштошуу адеби жана кеп техникасын калыптандыруучу көндүмдөр менен негиздеп берди. Студенттер менен чогуу практикалык көнүгүүлөр жасалды.    

Өтүлгөн лекциялар студенттердин кызыгуусун жаратып, ар кандай суроолорду беришти, талкуу жүргүзүштү. Сабактын соңунда студенттер окутуучуларга ыраазылык билдиришти.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары ф.и.д., профессор И.Абдувалиев, ф.и.д., профессор К.Калчакеев, ф.и.к., доцент А.Оморов, ф.и.к., доцент Г.Бакирова, ф.и.к., доцент Д.Чокоева, ф.и.к., доцент Г.Көчөровалар конок лекция окуп бергендиги үчүн Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз филологиясынын доценттери Ж.Орозалиева менен Н.Осмоноваларга терең ыраазычылык билдирип, лекциялар өз максатына жеткендигин билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.

(С) Н.Осмоновадоцент

Добавить комментарий