2025-жылдын 5-март күнү башкы имараттын алдындагы аянтчада жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан Ак калпак жана Улуттук кийимдер күнүнө карата уюштурулган чоң иш-чара болуп өттү.

Майрамдык иш-чара журналистика жана коммуникация институтунун 2-курс студенти Нурдос Бексултанов аткарган “Ак калпак” ырынын коштоосундагы мырза-жигиттердин жүрүшү менен башталды.

Андан кийин КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, Улуттук университеттин жалпы жамаатын Ак калпак жана Улуттук кийимдер күнү менен куттуктады. Ал улуттук кийим – элдин тарыхы, маданияты, каада салты жана турмушу экенин белгилеп, “Нечен кылымдардан мурас болуп калган улуттук баш кийим – Ак калпакты майрам күнү эле эмес, башка күндөрү да башыбыздан түшүрбөй кийип, жаш муундарга үлгү көрсөтөлү. Белгилей кетчү нерсе – биздин университетте ар бир жума күндөрү улуттук кийим кийүү демигеси көтөрүлүп, колдоого алынды. Баарыңыздарды бүгүнкү майрам менен чын дилимден куттуктайм. Асманыбыз ачык, мекенибизде тынчтык болсун. Дагы бир жолу майрамыныздар менен!”, – деди.

Студенттер манастап ураан чакырган соң, тарых жана чөлкөм таануу институтунун 3-курс студенти Өмүрбек Тентимишов менен юридикалык институттун 1-курс студенти Исхак Мырзаканов Манас эпосунан үзүндүлөрдү, экономика жогорку мектебинин 2-курс студенти Рауфат Казаков “Кыргыз жери” ырын, ал эми “Жаш кыял” комузчулар ансамбли “Маш ботой” күүсүн аткарып беришти.

Майрамдык иш-чара аяктаган соң, Улуттук университеттин калпакчан студенттери Улуттук филармонияга чейин жөө жүрүш жасап келишти.

Белгилей кетсек, Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыгып, Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен “5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” катары жарыяланган.

Добавить комментарий