«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык жаңы мыйзамга ылайык мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында чыккан ректордун 2025-жылдын 22-январындагы №40 буйругуна ылайык мониторинг боюнча түзүлгөн комиссия 2025-жылдын 3-мартында эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде болушту.

Факультетте кыргыз топтор жок болсо да ОМК, жумушчу программалар кыргыз тилинде даярдалган. Окумуштуулар кеңешинин, факультеттин деңгээлиндеги жыйындардын протоколдору кыргыз тилинде жазылган. Билдирүү, студенттер менен болгон ички иш кагаздар мамлекеттик тилде жазылып жатканы байкалды.  

Программа жетекчилери ички иш кагаздары, жумушчу программалары, илимий иштери, окуу жүгү боюнча маалымат беришип, факультетке тиешелүү дисциплиналардын стандарттары кыргыз тилинде даярдалып жатканын маалымдашты. Программалардын окутуучу-профессордук курамынын илимий-изилдѳѳ багытында мамлекеттик тилдеги эмгектери, кесиптик багытта 8 окуу  куралы даярдалып, аны практика жүзүндө колдонуп жатканын көрсөтүштү.

Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетине Москвадан Морис Торез атындагы чет тилдер институтунан стажировкага келген студенттер кыргыз тилин үйрөнүп кетип жатышканын кабарлашты.

Факультеттин деканы быйылкы жылы кесиптик сабактарды кыргыз тилинде жүргүзүүлөрү пландалып жатканын билдирди.  

Буга чейин кабарлангандай мониторинг бекитилген график боюнча ѳткѳрүлѳт.

(С) Динара Мырзагулова – мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий