2025-жылдын 21-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан КУУнун 100 жылдык мааракесине жана 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Жоокер ыры” аталышындагы кароо-сынак өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты – институттардын, факультеттердин жана колледждердин таланттуу студенттерин колдоо, патриоттук сезимдерин ойготуу, карым-катнаш, биримдикти, ынтымакты бекемдөө жана коомдук иштерге активдүү катышуу жөндөмдүүлүгүн өрчүтүү.
Кароо-сынакты биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев менен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков ачып, катышуучуларга ийгилик, ал эми калыстар тобуна калыстык каалашты.
Андан кийин жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментине синтезатор (ямаха) белек кылынып, аталган департаменттин директору Ынтымак Касмакунов, ректордун жардамчысы Адис Рысбеков жана эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин 3-курс студенти Азиз Султанбек уулу “Ата Мекендин коргоочусу” төш белгиси менен сыйланышты.
Кароо-сынакка жалпысынан 12 тайпа катышып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Жыйынтыгында, 1-орунду экономиканын жогорку мектеби, 2-орунду кыргыз-кытай институту, ад эми 3-орунду социалдык гуманитардык илимдер институту ээлешти.
Жеңүүчүлөргө көптөгөн сыйлыктар берилип, диплом, ыраазычылык каттар тапшырылып, иш-чара абдан шаңдуу өттү.
(С) Абдыбекова Айжан – жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы