2025-жылдын 19-февралында кыргыз-кытай институтунун студенттери Эне тилдин эл аралык күнүнө карата ” Эне тилге ырларым” аттуу поэзия кечесин уюштурушту.

Кеченин жүрүшүндө классикалык жана заманбап акындардын чыгармалары окулуп, кыргыз тилинин көркөмдүүлүгү жана тереңдиги дагы бир ирет даңазаланды.

Иш-чарага мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев катышып, өз сөзүндө мындай демилгелер жаштардын эне тилине болгон кызыгуусун арттырып, аны сактоо жана өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи.

Уюштуруучулар бардык катышуучуларга жана конокторго ыраазычылык билдирип, эне тилге болгон сүйүү адамдарды бириктирип, маданий мурастың ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилешти.

(С) Джанузакова Жылдыз – илимий иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий