2025-жылдын 21-январында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев башкы имараттагы чоң жыйындар залында Улуттук университеттин окутуучулар курамы менен билим берүү тармагындагы коррупциянын алдын алуу боюнча жолугушуу өткөрдү. Жыйынга башкы окуу имаратында жайгашкан факультеттер менен институттардын профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Ректор катышуучуларга коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттин саясаты тууралуу кыскача маалымат берип, бул багытта университетте аткарылып жаткан иштер, кабыл алынган документтер тууралуу билдирүү жасады жана “Коррупциялык абалды көбүнчө сабакка келбеген студенттер түзөт, бирок бүгүнтөн баштап күчүнө кирген коррупция менен күрөшүү боюнча кабыл алынган өзгөртүүлөр боюнча коррупцияга жол берген окутуучу да, студент да жазаланат. Ошондуктан, урматтуу окутуучулар, бир кылымдык мааракеси белгиленип аткан Улуттук университетти жаманатты кылбай, жакшы, таза жана так иштеп бериңиздер, – деди Догдурбек Чонтоев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Адиль Керимов коррупцияга алып келүүчү жагдайлар жана алардын статистикасы тууралуу билдирүү жасап, коррупцияны жоюу боюнча сунуштарын айтты. Ал коррупция – бул мыйзамдарды бузуу эле эмес, мамлекеттин келечегине коркунуч туудурган көрүнүш экендигин белгилеп, залда отургандардын баарын коррупция менен активдүү күрөшүүгө чакырды.

Биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев парламент тарабынан кабыл алынып, президент Садыр Жапаров кол койгон кылмыш-жаза кодексине жана бир катар мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор бүгүн күчүнө кирдгенин белгилеп, аталган өзгөртүүлөр менен толуктоолор тууралуу айтып бериш үчүн юридикалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Кайрат Осмоналиевге сөз берди.

Ал “Противодействие коррупции в Кыргызской Республике: Изменения и дополнения в законодательстве” деген темада баяндама жасап, “Коррупция” деген терминдин этимологиясы, анын коомдук коркунучу, коррупциянын моделдери, коррупциялык зоналар жана коркунучтар, о.э. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу айтып, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйында о.э. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Антикоррупциялык кеңештин мүчөсү Рапия Исаева да чыгып сүйлөдү.

Ушул эле күнү юридикалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Кайрат Осмоналиев “Противодействие коррупции в Кыргызской Республике: Изменения и дополнения в законодательстве” деп аталган баяндамасы менен №5-окуу имаратында жайгашкан факультеттер менен институттардын профессордук-окутуучулар курамынын алдында чыгып сүйлөдү.

Маанилүү жана мазмундуу баяндамасы үчүн Кайрат Осмоналиевге илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ыраазычылык билдирди.

Добавить комментарий