2024-жылдын 12-декабрында 5-окуу имаратынын жыйындар залында физика жана электроника факультети менен математика жана информатика институту достукту жана ынтымакты чыңдоо максатында биргелешкен жаңы жылдык кече өткөрүштү.

Иш-чарада физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов, декандын тарбия иштери боюнча орун басары Айчүрөк Дөөлөталиева, математика жана информатика институнун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Чолпон Байсабаева сөз сүйлөшүп, окутуучулар менен студенттерге жаңы-жылдык каалоо-тилектерин айтышып, факультет менен институттун ортосундагы кызматташтык чыңдала беришине тилектерин айтышты.

Студенттер өз чыгармачылыктарын көрсөтүшүп, абдан көп таланттуулардын бар экендиги көрүүчүлөрдү кубандырды. Анда көптөгөн ыр-бийлер, ар түрдүү мазмундагы конкурстар, XXIII кылымдагы жаңы-жыл менен азыркы жаңы-жылды чагылдырган  театрлаштырылган сценкалар аткарылды. Бул кечени 1-курстардын студенттери даярдашты. Окуудагы жана жашоодогу бардык темаларды камтыган майрамдык кече өтө терең, мазмундуу жана көлөмдүү болуп, көрүүчүлөргө көңүлдүү маанай тартуулады. Алар келечекте татыктуу муундун өсүп келе жаткандыгын далилдешти жана алар Кыргыз мамлекеттик улуттук университетибиздин татыктуу бүтүрүүчүлөрүнөн болоруна ишенебиз.

(С) Дөөлөталиева А.С. — тарбия иштери боюнча физфактын деканынын орун басары, п.и.к., доцент

Добавить комментарий