2024-жылдын 27-ноябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин залында  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жигиттери жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кыздары “кыз-жигит сармерден” оюнун өткөрүштү.

Аталган иш чарада манасчы Рыспай Исаков, “кыз-жигит сармерден” теледолбоорунун режиссеру Сагын Ниязалиева жана дастанчы Өмүрзак Кайыпов калыстар тобунун өзөгүн түзүштү.

Оюндун жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комузда түрлүү күүлөр чертилип, ырлар, бийлер, өзгөчө табышмак, жаңылмачтар менен мыкты деңгээлде коштолду жана шаңдуу маанай тартуулашты. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон иш-чаранын соңунда Ж.Баласагын атындагы КУУнун жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин уюштуруу тобуна терең ыраазычылык билдирип, аларга ыраазычылык каттарын жана биздин университеттин атынан чакан белектер тапшырылды. Өз кезегинде Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин уюштуруу тобу да КУУнун иш-чарага өз салымын кошкон инсандарга ардак грамоталарын тапшырышты.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий