2024-жылдын 27-ноябрында Россия Федерациясы Башкортостан республикасында Рооссия илимдер академиясынын Уфа изилдөө борбору белгилүү башкыр элинин окумуштуу изилдөөчүсү, диалектологу Сария Миржанованын 100 жылдыгына арналган «Актуальные проблемы диалектологии языков народов России» аттуу Эл аралык конференция өткөрдү. Конференцияга Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан мамлекеттеринен жана Россиянын Новосибирск, Якутия, Чита, Элиста, Екатеринбург шаарларынан окумуштуулары катышты.
Аталган конференцияда кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева “Научные концепции и методологические учения Сарии Миржановой и Жээнбая Мукамбаева” аттуу аталышта онлайн форматында илимий баяндаманы негизги бөлүмүндө жасады.
(С) Назгуль Турдубаева – кыргыз адабияты кафедрасынын доценти

