2024-жылдын 9-октябрында Румыниянын Тыргу Муреш шаарындагы Дмитрий Кантемир университетинен келген профессор, геоморфолог Раду Негру география, экология жана туризм факультетинин студенттерине “Румыниядагы жана Кыргызстандагы коргоого алынган аймактардын айырмачылыктары, өзгөчөлүктөрү” темасында лекция өттү. Аны доцент Мураталы Дүйшөнакунов которуп берди.
Эрасмус+ программасынын алкагында эки университеттин ортосундагы тыгыз байланыштын натыйжасында буга чейин геофактын ондон ашык окутуучулары Румыниянын университетине барып, тажрыйба алмашып келишти. Ошондой эле, Румын профессорлору да Кыргызстанга бир нече жолу келишти.
Геофактын окутуучулары бир нече илимий макаласын Эрасмус+ программасынын жардамы менен Web of Science журналдарына жарыкка чыгарганга жетишти. Учурда биргелешип илимий долбоор даярдоонун үстүндө да иштеп жатышат.
(С) Аида Сатыбалдиева – ага окутуучу


