2023-жылдын 21-сентябрь күнү Улуттук университетке Кытай Эл Респубикасынын Хэнань университетинин делегациясы келди. Жолугушуунун жүрүшүндө КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов менен кытай делегациясынын жетекчиси, аталган окуу жайдын парткомунун секретары Лу Кэпин мырза эки университеттин ортосундагы илимий кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Ректор Улуттук университет Президенттин жарлыгы менен өзгөчө макам алган 5 университеттин катарына кошулгандыгын, бул статус окуу жайга академиялык жана экономикалык көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жана башка университеттер менен кенири кызматташуу мүмкүнчүлүгүн берээрин белгилеп, “андыктан силердин университет менен илимий кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди. Буга мисал катары Төлөбек Абдырахманов Улуттук университет Кытайдын 30дан ашуун университети менен кызматташаарын жана окуу жайда Кытайдан келген PhD докторанттар менен магистранттар билим алып жаткандыгын айтып берди.
Хэнань университетинин парткомунун секретары Лу Кэпин мырза Кыргызстандын Улуттук университетине келгенине кубанычта экенин билдирип, өзү иштеген окуу жай тууралуу кыскача маалымат берди жана “бул келишибизде Жибек Жолу институтунун ишмердүүлүгү тууралуу сиздер менен сүйлөшкөнү келдик. Сиздердин университет менен илимий жактан кеӊири кызматташууга даярбыз”, – деди.
Иш чарага Хэнань университетинин ректоратынын жетекчиси Пей Чжан мырза, мүлк фондунун башчысы Лю Жи Юн мырза, Жибек Жолу институтунун кытай тараптан директорунун орун басары Лянг Жен Жонг мырза, эл аралык бөлүмүнун башчысы Гуо Шян Чен мырза жана КУУнун ректордун кеӊешчиси Канат Садыков, эл аралык байланыштар бөлүмүнун башчысы Бакыт Келдибеков, о.э. Конфуций институтунун директору Масалбек Сулайманов катышты.