2024-жылдын 4-6-октябрында Vision Эл аралык университети, Балкан илимий изилдөө институту жана ASES академиясынын илимий жана билим берүү изилдөөлөрү менен биргелешип уюштурган “Эл аралык Балкан илимий изилдөө” аттуу конгресси Түндүк Македония Республикасынын Гостивар шаарындагы Vision Эл аралык университетинде онлайн форматында өттү.
Азербайжан, Туркия, Казакстан, Кыргызстан мамлекеттеринин окутуучу-профессорлору катышты. Конгресс үч тилде (түрк, англис, орус) өттү. Аталган илимий изилдөө конгрессинде кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева “Женщины, изменившие мир, или стихи кыргызских поэтесс в Китае” аттуу аталышта онлайн форматында баяндама жасап, сертификат алды.
(С) Назгуль Турдубаева – кыргыз адабияты кафедрасынын доценти




