2024-жылдын 3-октябрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде түркмөн акыны Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп, кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова “Мактымкулу Фраги – Чыгыш могиканы” деген темада баяндама жасады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Музыка ишмерлер союзу биргеликте өткөргөн илимий жыйынга Президенттик Администрациянын өкүлдөрү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Г.К.Абдыкалыкова, Билим берүү жана илим министринин орун басары Р.Абазбек уулу, Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Н.Г.Голлиев катышып, улуу акындын мурасы тууралуу сөз сүйлөштү.

Конференциянын алкагында Мактымкулу Фрагинин “Тандалмалар” аттуу китебинин (кыргызчага которгон Т.Казаков) бет ачары болуп, «Ат керек» деген ыр (обону Т.Казаковдуку) Бишкек шаардык эл аспаптар оркестринин солисттери тарабынан атқарылды жана улуу акындын мурасы тууралуу илимий баяндамалар жасалды.

Добавить комментарий