Улгайуучулар – биздин коомдун баалуу мүчөлөрү, алар жашоосунда көптөгөн кыймылдарга, тажрыйбага жана алгылыктуу көз караштарга ээ. Бүгүнкү күнү, биздин волонтерлордун жардамы менен, улгайуучуларга көңүл буруп, алардын маанайын көтөрүүгө арналган атайын иш-чара өткөрүлгөн. Алардын эжелерибиз, ата-энелерибиз жана чоң энеси-бабаларыбыз бизге руханий байлык берип, жол көрсөтүп келишкен. 01.10.2024-ж. Улгайган адамдардын эл аралык күнүндө Юридикалык колледждин студенттери “Эриканын үйү” карылар үйүнө барып кайтышты. Алар бизди кубаныч менен тосуп алышып, өздөрүнүн турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, баалуу кеңештерин айтышты.
Юридикалык колледждин студенттери гуманитардык жардам көрсөтүшүп, керектүү азык-түлүк менен камсыздашты жана чоң аталар, чоң энелер менен жылуу маек куруп, жагымдуу убакыт өткөрүштү.
Биз сиздерди дагы улгайган адамдарды колдоп, ушундай жерлерге барып турууга чакырабыз, себеби ар бир карыя биздин өлкөгө жана келечегибизге өз салымын кошкон.
Волонтерлор улгайуучулар үчүн сыйлыктарды жана белектерди даярдашып, алардын үйүн кыдырып, чогуу убакыт өткөрүштү. Алардын жардамы менен биз жашоодогу жакшы учурларды бөлүштүк.
Биздин иш-аракеттерден сүрөттөрдү көрүп, улгайуучуларга көңүл бөлүү – биздин милдетибиз!
Чогуу, улгайуучуларыбыздын өмүрүнө жылуулук, сүйүү жана бакыт тартуулайлы!
(С) Мамбеталиев Руслан – практика боюнча директордун орун басары
Автордун стилистикасы, грамматикасы жана терминдери сакталды











