2024-жылдын 1-октябрында Карылардын эл аралык күнүнө карата кесиптик колледждин көп тармактуу бөлүмүнүн социалдык иштер багытынын СРо-23(11), СРо-23(9), СРо-24(9) тайпаларынын студенттери Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районуна караштуу төмөнкү Серафимовка айылындагы Карылар үйүнө барып, кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келишти.

Студенттер өздөрүнүн күчү менен даярдаган чакан концерттик программасын, о.э. карыларга арнаган белектерин тапшырышты. Алар карылар үйүндөгүлөр үчүн оюн-зоокторун уюштурушуп, катышуучуларга сыйлыктарын беришти. Социалдык иштер боюнча келечектеги адистер болгон студенттер үчүн бул практикалык тажрыйба болду.

Иш-чара кесиптик колледждин окутуучулары Токоева Назира, Рустанбек кызы Нуразем, Турусбекова Гүлкайыр жана Бакытбек кызы Аида тарабынан уюштурулду. Карылар үйүнүн жетекчилиги Ж.Баласагын  атындагы КУУнун кесиптик колледжинин директоруна жана окутуучу Н.Токоевага ыраазычылык катын тапшырып, келечекте кызматташууга чакырды. 

(С) Отонбаева Рахима – өндүрүштүк практика жана методикалык иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий