2024-жылдын 1-октябрында педагогиалык колледждин башчысы Мирбек Шарабидинов жалпы билим берүү жана адистикке карай билим берүү бөлүмдөрүнүн предметтик-циклдык комиссиясысынын мүчөлөрү Айталиева Мираида, Сатарова Гулмира, Добутова Сапаргүлдөр менен биргеликте окутуучунун педагогикалык тажрыйбасын, окутуучулук чеберчилигин, о.э. кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында жана педагикалык колледждин 15 жылдыгына карата 15 ачык сабакты мыкты даярдык менен өткөрүүнүн графигин талкуулашты.
Ачык сабактар 2024-жылдын декабрь айына чейинки убактытта өтүлүп, эң жакшы уюштуруучулук менен ачык сабак өткөн окутуучу грамота, баалуу белектер менен сыйланаары белгиленди.
(С) Каныбек уулу Бекзат – окутуучу

