2024-жылдын 23-сентябрынан 27-сентябрына чейин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын окутуучу-профессорлору: кафедра башчысы, доцент Э.Акунов, ага окутуучу М.Апышева, доцент Ж.Орозалиева, доцент Г.Абдыкадыровалар Бишкек шаарынын №9,51, 58-орто мектептеринде мамлекеттик практика өтүп жаткан 5-курс студенттеринин сабактарына катышып, методикалык кеӊештерин берип келишти.
Иш берүүчүлөр менен адистикти тейлеп жаткан окутуучу-профессорлордун отосундагы пикир алышууда практиканттардын сабак өтүүдөгү, окуучулар менен тарбиялык жагдайда жеке мамиле түзүүдө, класс менен иштешүү маселери талкууланды.
(С) Э.Акунов – кафедра башчысы, доцент



