Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын , жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил.
Бул майрамды утурлай кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту да белгиледи. Кыргыз тили жана адабияты сабактарынан берген окутуучулар 10-11-класстардын окуучуларынын коштоосу менен майрамдык иш-чара өткөрүштү. Кыргыз тилине арналган көркөм ырлар окулду, кыздар кыргыз бийин бийлеп беришти, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды, шаңдуу ырлар ырдалды, Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан Толгонайдын монологу аткарылды, ошондой эле кыргыздардын улуттук даамдарынан борсоок жана чалап жасалды.
“Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” дегендей, бирок биринчи өз эне тилиңди кыргыз тилин так жана туура сүйлөгөндү үйрөнүп, анан башка тилдерди үйрөнүүгө болот. Ошон үчүн келечекте өзүбүздүн ордубузду бийик жерде көргүбүз келсе, анда өзүбүздү тааныйлы. Өзүбүздү таануу өз тилибизден башталат.
(С) Бейшеналиева Бермет – ККДжКЖ институтунун башкы адиси








