2024-жылдын 25-сентябрында юридикалык институттун «Бажы иши» адистигинин 1, 3-курс студенттери жана “Укук таануу жана бажы иши кафедрасынын” профессордук-окутуучулук курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ынтымак – Манас Ордо» деп аталган жаңы имаратына барышты.
Экскурсия студенттердин жарандык-мекенчилдик тарбиясын жогорулатуу, жаштарда бирдиктүү дүйнө таанымды жана активдүү турмуштук жана кесиптик позицияны калыптандыруу максатында уюштурулуп, өткөрүлдү.
Студенттер биздин мамлекет үчүн негизги чечимдер иштелип чыгып, кол коюлуп жана турмушка киргизиле турган бөлмөлөрдү жана жыйындар залдарын чоң кызыгуу жана толкундануу менен көрүп чыгышты.
Студенттердин көңүлүн өзгөчө бурган “Чеч-Дөбө” аталышындагы жыйындар залы болду. Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан “Чеч-Дөбө”. “Чеч-Дөбө” дегенди чечмелегенде «чеч» деген сөз чечим кабыл алууну түшүндүрсө «дөбө” – бийик жер дегенди түшүндүрөт. Экскурсоводдун айтымында, улуу тоонун атынан аталган дал ушул тоонун чокусунда кыргыз элинин башкаруучулары Манас баатыр менен чогуу курултай, кенешмелерди өткөрүп турган жана эл үчүн өзгөчө маанилүү чечимдер так ушул тоодо кабыл алынган.
Мындай экскурсия жаштарды эмгекти сүйүүгө жана жогорку адеп-ахлактык принциптерге тарбиялоого, өзүн-өзү тарбиялоону калыптандырууга жана инсандын өзүн-өзү күчтөндүрүүгө өбөлгө түзөөрү шексиз. Анткени, бүгүнкү жаштар-келечектеги саясатчылар, окумуштуулар, белгилүү инсандар, жазуучулар, биздин мамлекеттин жана коомдун мындан аркы өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизе турган инсандар болуусуна күмөн жок.
Экскурсиянын соңунда “Ынтымак – Манас Ордо” имаратынын ичинде бул элестерди эске калтыруу максатында студенттер эстеликке сүрөткө түшүштү.
(С) Ч.Океева – кафедранын окутуучусу
Автордун стилистикасы сакталды





