2024-жылдын 24-сентябрь күнү математика жана информатика институтунда Мамлекеттик тилдин 35 жылдык мааракесине арналган иш чара өткөрүлдү.
Иш чарага 1-курстун студенттери активдүү катышып, кыргыз тилинде көркөм окууларды окуп, комуз күүлөрү жаңырып, комуздун коштоосу менен жагымдуу ырларды ырдашып, дүйнөгө таанымал кыргыздын сыймыгы болгон жазуучу Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасынан үзүндү аткарышты. Студенттер өздөрү жазган баяндаманы да окушту.
Иш чара жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толо жакшы маанай тартуулашты. Иш чараны колдонмо информатика программанын кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Мамбетова Алтынай даярдады.
Урматтуу кесиптештер, жалпыныздарды 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүздөр менен куттуктайбыз!!! Эчен кылымдарды карытып келе жаткан улуттук тилибиз өнүгүп, есүп, дүйнө тилдеринин арасынан орун алсын! Жалпыбыз эне тилибизди сактоого, барктоого, данктоого, өнүктүрүүгө салым кошо билели!
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент



