2024-жылдын 24-сентябрында И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжине 15 жыл толгондугуна байланыштуу салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.
Жыйынга 2009-жылдан 2023-жылга чейинки колледждин башчылары Кичязова Сонун ( 2009-2014), Салиева Айсаада ( 2014-2018), Бактыбекова Айпери ( 2018-2021), Нуруева Жаңыл (2021-2022), Жеңишбек кызы Назгүл (2022-2023) ардактуу конок катары чакырылды.
Иш чаранын башында педагогикалык колледждин башчысы Мирбек Шарабидинов сөз сүйлөп, 2024-2025-окуу жылында 15 жылдыкка карата этап-этап менен өтө турган илимий, маданий, спорттук, отчеттук ж.б иш чаралардын планы менен тааныштырды жана коллежди буга чейин жетектеген баардык жетекчилерге ыраазычылык билдирди.
Мурунку колледж жетекчилерин о.э. ПКМДИнин директору Рахат Сулайманова жылуу куттуктап, колледж тарабынан даярдалган белектерди тапшырды.
Эскерте кетсек, 2009-жылы профессор И.Ч.Исамидинов тарабынан ачылган педколледжде учурда 600 студент окуп, 41 окутуучу эмгектенет.
(С) М.Т.Шарабидинов – педколледждин башчысы






