2023-жылдын 15-сентябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев журналистика жана коммуникация институтунун 1-4-курс студенттери менен жолугушту.
Иш-чараны институттун директору Ширин Костюк ачып, болочок журналисттерди даярдоо программасына кыйла өзгөрүүлөр кирип жатканы, анын ичинде балдар-өспүрүмдөр, медициналык, спорттук, саясий, экономикалык журналистика боюнча профилдер ачыла тургандыгы тууралуу маалымат берип өттү.
Дастан Бекешев Кыргызстандын ар бир жараны, уюмдун кызматкерлери журналисттик кесиптин жөндөмдөрүнө ээ болуусу заман талабы экендигине, журналисттик кесип эч качан жоголуп кетпесине токтолуп, студенттерди кесипкөй адис болууга чакырды. Ал о.э. саясий журналистикага кызыккан болочок кесип ээлерин тажрыйба өтүүгө чакырып, алар келечекте депуттатын командасына мүчө болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер тарабынан бир катар суроолор берилип, депутат тарабынан кызыктуу жооптор берилди.