2024-жылдын 12-сентябрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту менен чет тилдер институтунун мыкты окуган студенттерине Түштүк Кореянын Тэгу шаарында жайгашкан Кемён университетинин стипендиясын тапшыруу аземи болуп өттү. 300 доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктарды КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жана Кемён университетинин профессору Пак Кихён мырза тапшырышты.
Ректор жасалма интеллект боюнча Кемён университети менен Улуттук университет чогуу ишке ашыра турган 7 жылдык проектти жеңип алууга көп эмгек жумшаган кореялык университеттин өкүлдөрүнө, айрыкча президенти Шин Ильхи мырзага терең ыраазычылык билдирип, аталган университет Улуттук университетке өзгөчө көңүл буруп келе жаткандыгын, жакын арада Кемён университети менен биргеликте «Компьютердик AI технологиялары» кафедрасы ачылаарын белгиледи.
Андан соң КУУнун мыкты студенттерине стипендияларды тапшыруу аземи башталды. 300 доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктарды КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жана Кемён университетинин профессору Пак Кихён мырза тапшырышты. Кореялык профессор студенттерге кайрылып, бул акчаны билимди өркүндөтүү үчүн сарптоого чакырды.
Эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаменти тарабынан уюштурулган иш-чарада стипендия алган КУУнун студенттери да чыгып сүйлөп, Кемён университетинин жетекчилиги менен өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.
Стипендия алган студенттердин тизмеси:
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту
- Байсеитов Эрмек (4-курс)
- Акылбекова Жасмин (4-курс)
- Абдырахманов Аскар (3-курс)
- Маматкул уулу Эрадил (3-курс)
- Турарова Айдана (3-курс)
- Токтогулова Эркинай (3-курс)
- Алымкулова Алина (3-курс)
- Таштанбеков Нурболот (3-курс).
- Сайдахматов Кутманбек (2-курс)
- Сапарбаева Айназик (2-курс).
Чет тилдер институту
- Сайлинова Аяна (1-курс)
- Уланова Акмаанай (1-курс)
- Турдубаева Саадат (1-курс)
- Даминова Фатима (1-курс)
- Каныбекова Айзада (2-курс)
- Нурбек кызы Нурайым (2-курс)
- Акынбек кызы Арууке (2-курс)
- Ысакова Мырзайым (3-курс)
- Алмазбекова Адинай (3-курс)
- Меховникова Алина (3-курс).