2024-жылдын 23-август күнү ректор Төлөбек Абдырахманов академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып 30-декабрына чейин Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине окууга кетип жаткан кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультеттеринин, журналистика жана коммуникация, чет тилдер, менеджмент жана бизнес, социалдык-гуманитардык илимдер институттарынын жана экономиканын жогорку мектебинин студенттери менен жолугушту.
Ректор Казакстандагы мыкты жана алдыӊкы университетте окууга мүмкүнчүлүк алган студенттерди ийгилиги менен куттуктап, “Улуттук университетти уят кылбай, жакшы билим алып, өзүӊөрдү жакшы алып жүргүлө. Эӊ негизгиси – алдыга умтулуп, жакшы сапатыӊарды көрсөтүп, ар тараптуу студенттерден болгула. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген ата-энеӊерге, түзүм жетекчилерине рахмат. Сапарыӊар байсалдуу болсун!”, – деди.
Жолугушууга жогоруда аталган факультет, институттардын жана академиялык мобилдүүлүк, билимди экспортоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн жетекчилери катышты.
Белгилей кетсек, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине окууга Улуттук университеттин төмөндөгү студенттери кетип жатат:
Кыргыз филологиясы факультети
1. Таштанбекова Жыпара (3-курс)
2. Бекболотова Айгерим (2-курс)
3. Тынычбекова Ырыс (5-курс)
4. Сейиткулова Сирена (3-курс)
5. Жайлобаева Аяна (3-курс)
6. Нурланова Аида (2-курс)
7. Мирланбек кызы Анжелика (2-курс)
Журналистика жана коммуникация институту
1. Канатбекова Саадат (2-курс)
2. Нурланова Алтынай (2-курс)
3. Жакшымбекова Эльза (2-курс)
4. Тилебалдиева Бахиана (2-курс)
5. Мусабеков Нурсултан (2-курс)
6. Майрамбеков Эрлан (2-курс)
7. Курманова Ариет (2-курс)
Чет тилдер институту
1. Бактыбекова Дилшат (2-курс)
2. Исаева Айгерим (5-курс)
3. Сатаева Кымбат (5-курс)
4. Керимбекова Раушан (2-курс)
5. Аманова Каныкей (2-курс)
6. Тынычбекова Ырыс (5-курс)
Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети
1. Апышова Асылай (2-курс)
2. Бактыбек кызы Адина (3-курс)
3. Сарсенбаева Карина (4-курс)
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети
1. Акжолтоева Дилназ (2-курс)
2. Даткаева Акылай (2-курс)
Экономиканын жогорку мектеби
1. Донбаева Акылай (3-курс)
2. Сарсенбаева Айдана (2-курс)
Менеджмент жана бизнес институту
1. Сыйдалиева Даяна (4-курс)
2. Малабаева Айдана (3-курс)
Социалдык-гуманитардык илимдер институту
1. Османкулов Бегмат (4-курс)
Орус жана славян филологиясы факультети
1. Сейдакматова Аяна (4-курс)








